• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Олимпиада-2024: Денис Петрашов жарым финалда 14-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 31.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Париждеги Олимпиада оюндарында 14-орунду ээледи.

Күн мурун ал 25 суучул катышкан 200 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү жарышында күчүн сынады.

Анда Петрашов 16-орунга жайгашып, 2 мүнөт 10,99 секунда жыйынтыгы менен жарым финалга чыкканга мүмкүнчүлүк алды.

Жарым финалдык беттеште кыргыз спортчусу өзүнүн жыйынтыгын жакшыртып, 2 мүнөт 10,19 секунда менен тайпасында 7-орунду ээледи.

Петрашов жарым финалдык сууга сүзүү жарыштарынан кийин 14-орунга жайгашып, 8 спортчу ат салыша турган финалга чыга албай калды.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин, Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

Пикир

Оставить комментарий