• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 04.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париждеги жайкы ХХХIII Олимпиада оюндарында боксчу Мунарбек Сейитбек уулу атаандашын жеңип, жарым финалга чыкты.

Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг салмак категориясында чейрек финалда АКШнын спортчусу Жамал Харви менен кез келип, аны утуп алды.

Эми Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалда күч сынашат. Медаль үчүн оюндар 8-августта башталат.

Буга чейин ал 1/8 финалда кубалык Сайдель Иван Орта Родригес менен беттеш өткөрүп, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңишти камсыздаган.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтүүдө. Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.

Пикир

Оставить комментарий