• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиада-2024: Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын жеңип, чейрек финалга жолдомо алды

Спорт 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бүгүн Париждеги жайкы Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашып жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова бүгүн 68 кг салмак ченинде 1/8 финалда беттештерин баштады.

Анда кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен кез келип, атаандашын 8:3 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда Мээрим Жуманазарова япониялык балбан Нонока Одзаки менен күч сынашат.

Жарым финалдык беттештер саат 01:00дө болот.

Жубатуучу беттештер жана медаль үчүн беттештер эртең, 6-августта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий