• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Швейцария Сербиянын командасына мүмкүнчүлүк бербестен 2:1 эсебинде жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 23.06.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 2-турунда Сербия менен Швейцариянын курама командалары оюн өткөздү. 2:1 эсебинде Швейцария алдыга чыкты.

1-таймдын 5-мүнөтүндө Сербиянын чабуулчусу Митрович чыгарып берген топту каршылашынын дарбазасына узатты.

2-таймдын 52-мүнөтүндө чабуулчу Джака узактан тээп эсепти 1:1ге өзгөрттү. Оюндун 90-мүнөтүндө Гаврановичтин узактан чыгарган тобун Шакири жалгыз коргоочу менен дарбазачыны алдап гол киргизди.

Эскерте кетсек, кийинки оюн 23-июнда саат 18:00дө Бельгия мененТунистин курама командалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий