• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

ЖК депутаттары Түркияда боло турган шайлоолорго байкоо жүргүзүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.06.18. /Кабар/. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) эл аралык байкоочу миссиясы Түркиядагы Президенттик жана Парламенттик шайлоонун алдында Анкарада бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

2018-жылдын 22-июнда курамына Жогорку Кеңештин депутаттары Закир Шарапов менен Максат Сабиров кирген байкоочуу миссия Түркиядагы “Адилетүүлүк жана өнүгүү” “Республикалык элдик”, жана “Улуттук кыймыл” партияларынын Парламенттеги топторунун башчыларынын орун басарлары менен жолугушууларды өткөрүштү.

Ушул эле күнү Байкоочу миссиянын мүчөлөрү Жогорку шайлоо комиссиясынын башчысы Сади Гүвен менен жолугушуп, Түркиянын шайлоо мыйзамдары жана алдыдагы шайлоого байланыштуу маселелер боюнча пикир алышышты.

Белгилей кетсек 2018-жылдын 24-июнунда Түркияда өтө турган Президенттик жана Парламенттик шайлоого ТҮРКПАга мүчө болгон Азербайжан, Казахстан жана Кыргызстандын Парламенттеринин депутаттары жана ТҮРКПА Катчылыгы байкоо жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий