• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Олимпиада-2024: Үзүр Жусупбеков чейрек финалда ирандык атаандашына жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 06.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Париждеги Олимпиада оюндарында балбан Үзүр Жусупбеков чейрек финалда ирандык атаандашына жеңилип, жарым финалга чыкпай калды.

Үзүр Жусупбеков 97 кг салмак категориясында чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Сарави менен беттешти. Анда балбандардын кармашы 8:0 эсеби менен жыйынтыкталып, мелдеш Иран спортчусунун пайдасына чечилди.

Буга чейин 1/8 финалда Жусупбеков литвалык Миндаугас Венскаитис менен кез келип, аны 5:1 эсебинде жеңген болчу.

Пикир

Оставить комментарий