• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Футзал боюнча жаштар курама командасы CAFA U-19 Championship турнирине даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкекте өтө турган CAFA U-19 Championship эл аралык турнирге даярдык көрүүнүн алкагында Кыргызстандын футзал боюнча U-19 курама командасы машыгууларын өткөрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Машыгуулар 10-февралга чейин уланат. Машыгуу жыйынына башкы машыктыруучу Вадим Кондратков 12 талаа оюнчусун жана 3 дарбазачыны чакырган.

Ал эми 12-февралда Бишкекте Борбор Азиянын жаштар курамаларынын катышуусу менен турнир өтөт.

Турнирге Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Иран курамалары катышат.

Пикир

Оставить комментарий