• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Олимпиадада спортчулар ийгилик жаратып жатса, жалган маалымат тараткандар четтен чыкты – Байсалов

Коом 0

Бишкек, 09.08.24. /Кабар/. Париждеги Олимпиадада спортчулар ийгилик жаратып жатса, өлкөдө жалган маалымат тараткандар четтен чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, кечээ Парижде Мунарбек Сейитбек уулу намыска жарап, бокстон финалга чыкты. Роллан Гаррос аренасына келген кыргыздар менен бири- бирин куттуктап, кубанып жатса, телефондорго куттуктоолордун ордуна, “Париждеги кыргыз балбандар ачка калыптыр, “роллтон” жеп атышат, аларды караган киши жок” деген мазмундагы соцтармактагы жалган посттор тараган.

Бул жагдайлардан улам Эдил Байсалов Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер Нияз, Дене тарбия жана спорт департаментинин жетекчиси Айбек Абдымомунов жана Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Кылыч Сарбагышев менен байланышып, маалыматтын чын-төгүнүн иликтегенин белгиледи.

"Көрсө, кайсыл бирөөлөр Бишкектин муз аянтчасындагы мурдагы бир видеону чыгарып, ал жерде балбандарыбыз жерге отуруп тамактанып атышканын көргөзүп “мына Париждеги балдар” деп кабатырлангансып, байкуш элибизди дүрбөлөңгө салыптыр.

Түнкү саат бирден кийин Париждеги кыргыздар чогулуп алып, капа болдук, ачууландык, ичибиз күйдү, ардандык.

Олимпиадада болуп көрбөгөндөй ийгилик жаралып атса, элибиз кубанычына батына албай атса, намыска толуп, сыймыгынан көзүнө жаш тегеренип турган элди бир ууч топ бузуку бузукулугун кылып, жанагыдай фейктерди таратып, маанайды тескери бургандары чыккынчылык эмей анан эмне?", - деп суроо салды ал.

Ошондой эле Байсалов Париждеги Олимпиада Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүү болуп жатканда айрымдар жалган видеолорду, сөздөрдү таратып, жалпы улуттун биримдигине доо кетиргендерди качанкыга чейин “сөз эркиндиги” деп көрүү керек деп баса белгиледи.

"Сөз эркиндигине келгенде өтө белгилүү бир принципиалдуу чектөө бар - укук коргоочулар жана юристтер жакшы билишет. Кинотеатрда “пожар, пожар” деп жалган паника жараткандарга тыюу салынат, сөз эркиндигине жатпайт. Улутубуздун маанайын бузуп, жалганды таратуу жөн эле ээн ооздук эмес."Жек көрүүчүлүктү козутуу" (Разжигание розни" деген Кылмыш-жаза кодексиндеги эски беренени кайра карап чыгууга убакыт келип жетти. Жетишет. Мындай өзүнүн ички дартын коомго жайгандарды жайына койбошубуз керек.

Атайылап фейк тараткандар менен катар, билип-билбей фейк тараткандарга дагы жоопкерчилик киргизебиз", - деп кошумчалады ал.

Мындан тышкары Эдил Байсалов бир катар чет мамлекеттерди мисал келтирип, жалган маалымат тараткандарга карата айып салынарын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий