Олимпиаданын ачылыш аземинде Парижде 45 миңдей полиция кызматкери тартипти сактайт

Дүйнө 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Олимпиаданын ачылыш аземинде Парижде 45 миңдей полиция кызматкери тартипти сактайт.

Еuronews маалымдагандай, аларга 18 миңден ашык аскер кызматкерлери көмөктөшөт. Учурда француз полициясы Олимпиада оюндарынын даярдыгынын алкагында Париждеги Сена дарыясында окуу-машыгууларды өткөрүүдө. Салтанттуу иш-чара 26-июлда өтөт. Биринчи жолу Олимпиаданын ачылышы өзгөчөлөнүү менен кургакта эмес, суу үстүндө болору айтылды.

Салттуу параддын 10 миңге жакын катышуучу-спортчулары дарыя аркылуу кеме жана катер менен Аустерлиц көпүрөсүнөн Эйфель мунарасынын жанындагы Йенск көпүрөсүнө чейин сүзүп өтүшөт. Салтанатты жээктен 500 миңдей адам көрүп турат.

Париж дарыясынын полиция бөлүмүнүн башчысы Софи Малерб 2024-жылы өтүүчү Олимпиада оюндары учурунда дарыяда коопсуздукту камсыздай тургандыктарына өзгөчө сыймыктанып жатышканын билдирди.

“Биз даярданып жатабыз. Бирок Олимпиада оюндарына гана эмес, дайыма ушундай үзгүлтүксүз даярдыктар болот. Биз күн сайын дарыянын экипажы менен учуу, сууга түшүү же сууда сүзүү болобу, ошонун бардыгын Сенадагы ачылыш аземин утурлай даярдануудабыз. Андан кийин деңиз мелдештериндеги коопсуздукту камсыз кылабыз", - деди ал.

Мелдештер учурунда борбор калаада коопсуздукту күн сайын 35 миң тартип сакчысы камсыздамакчы.

Белгилей кетсек, туура 22 күндөн кийин Парижде Олимпиада башталат. Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августта чейин созулат. Анда спорттун 32 түрү боюнча 329 медалдардын топтому ойнотулат. Кыргызстандан Париж олимпиадасына 15 спортчу катышат.

Пикир

Оставить комментарий