• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Путин ИЛИМ Борбор Азияны туруксуздаштыруу планын даярдап жатканын билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. “Ислам мамлекети” тобу Россиянын түштүгүндө жана Борбор Азия өлкөлөрүндө абалды туруксуздаштыруу планын даярдап жатат. Бул тууралуу Астанадагы ШКУ саммитинде РФ Президенти Владимир Путин билдирди.

“ШКУ өлкөлөрүндө ИЛИМчилердин көмүскө ячейкалары түзүлүп, аракетте болуп келишет. Муну Россиядагы Петербургдагы терактты иликтөө көрсөттү. Маалыматтар боюнча, ИМ Борбор Азияда жана Россиянын түштүк аймактарында абалды туруксуздаштыруу боюнча жаңы пландарды даярдап жатат”, -деп белгиледи президент.

Путин ошондой эле, ШКУну атайын кызматтардын ишин координациялоону бекемдөөгө чакырды.

Петербургдагы метродогу жардыруу 3-апрелде болгон. Натыйжада, жанкечти Акбаржон Жалилов менен 16 адам курман болгон.

Учурда терактты иликтөөнүн алкагында ондон ашык адам камалган.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий