Быйыл Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгынын 30 жылдыгын белгилөөдөбүз. Бүгүн Швейцариянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Оливье Бангертер менен эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу сүйлөштүк.
- Саламатсызбы, кызматташтыгыбыздын негизги багыттарын, жыл өткөн сайын алар кантип өзгөргөнүн жана алдыдагы пландар тууралуу айтып бере аласызбы?
- Сиз маанилүү суроодон баштадыңыз. Ушу тапта экономикалык өнүгүү (чакан жана орто ишканалар менен иштешүү) суу менен камсыз кылуу жана инфратүзүм, анын ичинде энергетика, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну жана саламаттык сактоо тармагын колдоо Швейцариянын кызматташтык программасынын негизги багыттары болуп эсептелет. Саламаттык сактоо жаатында чоң ийгиликтерге жетиштик. Эми, эң мыкты натыйжаларга жетүү үчүн бизге дагы да көбүрөөк каражат керек. Кайсы бир ишти жарым-жартылай, чала аткаргандан көрө, саламаттык сактоо тармагындагы баштаган ишибизди жыйынтыктап, кызматташууну эки жылдан кийин аяктайлы деп чечтик. Биз бул багытта көп пайдалуу иштерди аткардык. Акыркы жылда сегиз жүз миңге жакын киши (жарымы эркектер, жарымы аялдар) жугушсуз оорулар (диабет, жүрөк оорулары ж.б. сыяктуу илдеттер) боюнча кароодон өткөнү эсиңизде болсо керек. Бул Швейцариянын эле эмес, айрым программаларыбыздын да шарапаты менен болгону анык.
Андан сырткары, каттоодон өткөн 13 миң ишкананын ичинен 3500 чакан жана орто ишкана Швейцариянын колдоосуна ээ болду. Биз өтө эле чакан эмес, орточо компаниялар менен иштейбиз. Ошол 3500 ишкананын ичинен жарымына жакыны текстиль өнөр жайында, туризмде жана башка тармактарда эл аралык рынокко чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк алышты. Бул алгылыктуу жыйынтык десек болот. Ошондой эле Кыргызстандагы бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Алардын бири – Нарын облусундагы Ат-Башы гидроэлектр станциясынын реконструкцияланышы. Реконструкциядан кийин станциянын иш мөөнөтү кыйла узарды. Мага 50 жыл деп айтышты. Балким, 50 жылдан кийин сиз экөөбүз ал ГЭС кантип иштеп жатканын өз көзүбүз менен көрбөй деле калышыбыз мүмкүн. Бирок бул 20, 30, 40, 50 жыл, балким андан да узак убакыт болушу мүмкүн. Бул чоң долбоор болчу. Ага көп убакыт кетти жана жыйынтыгы да абдан жакшы.
Мындан тышкары, биз өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларга чара көрүү маселелери боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен кызматташып жатабыз. Тилекке каршы, быйыл Кыргызстандыг аймагында сел жүрүп, элдин мүлкүнө зыян алып келип, ал тургай адамдардын өмүрүн алып кеткен учурлар болду. Кызматташтыктын бул тармагына муктаждык көбүрөөк болот окшойт. Мындан аркы кызматташтыкты талкуулоо үчүн ӨКМ министри Ажыкеев мырза менен жолугушуу планда бар. Бул багытта чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн белгилүү бир убакыт керек болот. Айтмакчы, быйыл Швейцария да, негизинен анын түштүк аймактары, селден көп жабыркады. Швейцариянын Тышкы иштер министри Кассис мырза Бишкекке жолго чыгар алдында өз аймагына барып, жабыркаган адамдардан кабар алып келген. Ошондуктан, биз бул багытта иш алып баруубузга, анын өзүбүзгө да тиешелүү экендиги себеп болууда. Өзгөчө кырдаалдан кийин эмес, ага чейин да иш жүргүзүү маанилүү экенин түшүнүп турабыз.
Эмне өзгөрөт? Азырынча мен сизге так айта албайм, анткени ага олуттуу себеп бар. Себеп дегеним, биз кызматташтыгыбыздын жаңы программасын азырынча аныктай элекпиз, кийинки жылы аныкталат деп турабыз. Өткөн жумада Бишкекте Швейцариядан, Өзбекстандан, Тажикстандан келген жана Бишкектеги бардык өнөктөштөрүбүз болуп программабызды талкууладык. Андыктан, жаңы программа жөнүндө сөз кылууга азыр эрте. Бирок Кыргызстан Швейцария үчүн өзгөчө өлкө бойдон кала берерин биздин тышкы иштер министрибиз коомчулукка жарыялап, президент мырзабыз да баса белгиледи. Бул абдан жакшы жаңылык. Мен анын ушундай билдирүү жасаганына кубанычтамын. Мен андан күмөн деле санаган эмесмин, бирок ачык айтылганы андан бетер жакшы болду.Бул балким басым жасала турган нерселерин өзгөртүп, ишибизди улантууну пландап жатканыбызды көрсөтүп турат. Муну өкмөт менен такташ керек.
Мен Кыргызстанда иштей турган бир жылым калды, аны мүмкүн болушунча пайдалангым келет. Эки тараптуу мамилебиздин үстүнөн иштеп, аны мындан да жогорку деңгээлге чыгарсам дейм. Элчинин ролу ошол. Мен Кыргызстанда жүргөнүмдөн ырахат алып, өзүм үчүн дагы көп жаңы ачылыштарды ачууну каалайм.
Жетишкендиктерибиз көп. Айрымдарын эске салсам, биз Чу, Талас ж.б. дарыяларынын бассейндериндеги сууну пайдалануу максатында бассейн пландарын иштеп чыгууга жардам бериш үчүн Суу ресурстар кызматы менен иштештик. Мында айылдардын жана жамааттардын деңгээлинде суу жеткирген толгон-токой суу пайдалануучулар ассоциациялары колдоо тапты. Суу болмоюнча айыл чарбасын жүргүзүү кыйын экени белгилүү. Биздин баабыз боюнча, Швейцариянын программаларынын жана Айыл, суу чарба жана тамак-аш өнөр жай министрлиги менен болгон кызматташтыктын жыйынтыгы менен 250 миң фермер суугат суусуна жете алышты.
Экономика жаатында мен Швейцариянын Кыргызстандагы эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири болгон «Сүт булак» компаниясы (Dairy Spring соода маркасы) жөнүндө айтууну унутуп кала жаздаптырмын. Алардын өндүргөн сырларын Бишкектин көп дүкөндөрүндө Швейцариянын желеги менен кездештирсе болот. Анткени башында бул Швейцариянын кызматташтык долбоору болгон. Кийин бул компанияны швейцариялык инвестор сатып алды. Бул кандай иштеш керек экендигинин айкын мисалы. Жылы бою жүздөгөн фермерлер бул компанияга сүт сатат, бул алардын өзүн жана үй-бүлөлөрүн туруктуу киреше менен камсыз кылат. Бул жөн гана жергиликтүү калкка көрсөтүлгөн жардам эмес, аймактардагы ишкердикти да колдоо. Мен бул долбоор менен абдан сыймыктанам.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги жана муниципалитеттер менен жүргүзүлгөн иш тууралуу айтсам, бул жылдары жүз миңдеген адамдар жергиликтүү деңгээлде бийликке, маселен бюджеттик талкуулар аркылуу жеткилик алышты. Эми мындан ары муниципалитеттер Швейцариянын ар кандай долбоорлорунун алкагында таштанды жыйноо, жол салуу боюнча иштерин кыйла жакшыраак пландай алышат. Мен аны майдалап айтпай эле коеюн, бирок кеп жүз миңдеген адамдар тууралуу болуп жатат. Албетте, бул биздин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттиги менен жүргүзгөн кызматташтыктын эң мыкты жыйынтыгы.
Мындан тышкары, калктын ар кайсы катмарларына кызмат көрсөтүү үчүн коомдук уюмдар жана маданий долбоорлор менен иш алып барабыз. Аларды санап чыгыш кыйын, бирок биздин эсебибиз боюнча алар 600дөн ашат. Кыргызстанда көп кишилер маданий иш-чараларга жеткилик ала алышат. Кызматташтыктын 30-жылы өзүбүз үчүн жаңы нерселерди ачып жатканыбыз албетте, жагымдуу нерсе. Эгерде окурмандарыбыз көбүрөөк билгиси келсе, алар соцтармактардагы биздин баракчаларга кирсе, ал жакта биз бүгүнкү күндүн жана мурдагы жылдардын кызматташтыгынын жыйынтыктарын чыгарып турабыз. Биз жөн гана кайсы бир ишти жасап тим болбостон, жетишкендиктерибизди да чагылдырганыбыз маанилүү деп ойлойм.
- Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин кандай баалайсыз? Кызматташтыкта эмнеге басым жасасак болот?
- Мага биздин кызматташтыкка карата «басым» деген сөз жага бербейт, анткени биз өтө ар түрдүү тармактарда кызматташабыз. Сизге бир нече мисал келтирейин. Достугубузду бир гана элементке эмес, бир нече элементке негиздеп уланта беришибиз керек деп ойлойм. Өнүгүү жаатындагы кызматташтыгыбыз - биз уланта бере турган багыт. Биздин баабыз боюнча, биз Кыргыз Республикасы эгемендик алган күндөн тартып Кыргызстанга 520 миллион доллардан ашык инвестиция жумшадык. Андыктан бул бир элемент. Башка бир элемент — бул саясий кеңештер. Швейцариянын тышкы иштер министри Кассис мырза Бишкекке келип кетти. Май айында дагы бир жогорку деңгээлдеги иш сапары болгон, Алай жана Чоң-Алай райондоруна чогуу барып келгенбиз. Жакында Швейцариянын Улуттук кеңешинин экинчи вице-спикери дайындалды, бир-эки жылдан кийин Бишкекте келгени жатат. Андыктан мындай жолугушуулар улана бермекчи.
Мындан тышкары, биз Бириккен Улуттар Уюмунда жана башка эл аралык уюмдарда бири-бирибизди колдоп келе жатабыз.Швейцария БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер болду эле, өлкөбүз бул уюмдун мүчөсү болуп шайланды. Бул эки жыл мурун болгон окуя, мен ал жерде Кыргызстан бизди колдогонуна бөркүмдөй ишенем, биз да зарыл учурда Кыргызстанды колдоп келгенбиз. Башка сунуштарга келсек, мен аларды сизге ачык айта албайм, анткени ал жабык маалымат, бирок Тышкы иштер министрлиги менен бул маселелердин баары боюнча өтө тыгыз кызматташтык жүрүп жатат деп ишендире алам.
Биз ошондой эле Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Кору тууралуу кеп болгондо КРнын Улуттук банкы менен тыгыз кызматташып келе жатабыз. Добуш берүү тобу техникалык топтой көрүнүшү мүмкүн, бирок чынында баары жөнөкөй. Дүйнө жүзүндө эки жүздөй өлкө бар, алардын баары бири-бири менен түз сүйлөшө албайт, ошондуктан топторго биригебиз. Кыргызстан менен Швейцария бул уюмдарда добуш берүүдөгү топтордо чогуу болушат. Бул баарыбызга бир добуштан сүйлөгөнгө жана үнүбүздү жакшыраак угузганга мүмкүнчүлүк берет. Швейцария менен Кыргызстан муну өз-өзүнчө кыла албайт, бирок чогуу кыла алабыз.
- Швейцария Кыргызстанга ар кайсы чөйрөлөрдө жардам берип келүүдө. Аталган эки өлкөнүн биргелешип ишке ашырган эң ийгиликтүү долбоору кайсы деп ойлойсуз?
- Бул татаал суроо, ага менин бир нече жообум бар. Мен Кыргызстан эгемендик алгандан кийин кыргыз токойлорун сактап калуу боюнча долбоор менен баарынан көп сыймыктанам деп ойлойм. Менин ага эч кандай жеке тиешем жок, анткени ал иш жасалгандан бери өтө көп мезгил өттү. Бул токой кызматын жаңы реалдуулукка ыңгайлаштыруу боюнча иш болгон. Мисалы, керемет жаңгак токою менен аты чыккан Арстанбапка барып калсам жергиликтүү тургундар бул долбоор ал жактагы кайталангыс мурас болгон токойлорду сактап калууга абдан жакшы жардам бергенин айтышат. Мен буга эч кандай жеке тиешем болсо да, аны менен абдан сыймыктанам.
Эми өзүм күбө болгон нерселер тууралуу айтайын. Жеке өзүм үчүн жаңыланган Ат-Башы гидроэлектр станциясынын салтанаттуу ачылышына катышуу чоң сыймык болду. Мен министрлер кабинетинин төрагасынан жана энергетика министринен кийин эле чыгып сөз сүйлөдүм. Элчинин кесиптик ишмердүүлүгүндө бул бир эле жолу боло турган нерсе. Швейцариялык журналисттер менден: «Сиз Кыргызстанда мурда жасала элек кайсы ишти жасадыңыз?» - деп сурашканда жөн гана: «Гидроэлектр станциянын салтанаттуу ачылышы!» - деп жооп берем. Мындай нерсе дайыма эле боло бербейт.
- 2023-жылдын аягында Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы товар айлануунун көлөмү 1 миллиардга жакын АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүчтү мындан ары жогорулатыш үчүн биз эмне кыла алабыз?
- Бир миллиард — бул бир топ эле чоң сумма, бирок бул товар айлануунун көпчүлүк бөлүгү - алтын. Бул ачык эле маалымат жана ЖМКда чагылдырылган. Алтындын көпчүлүк бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эл аралык базарда швейцариялык финансы институттары аркылуу сатат. Валютаны болсо кыргыз экономикасындагы эки өтө маанилүү максат үчүн колдонот. Биринчи максат – кыргыз сому өз наркын сактап турарына (алмашуу курсу дайыма өзгөрүп турат) жана туруктуу экенине көз жеткидей кылуу, бул жагы абдан жакшы иштеп жатат. Экинчи максат – бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жабуу. Бул өтө маанилүү, мен КРнын Улуттук банкы алтын сатыш үчүн швейцариялык финансы институттарын тандап алганына абдан кубанычтамын.
Сиз 2022-2023 жылдары соода жүгүртүү азыраак болгонун жана 2021-жылы ошол эле деңгээлде болгонун эске салдыңыз. 2024-жыл да болжол менен ошондой эле калат деп ойлойм. Биздин соода алакаларыбыз биз каалагандай чоң эмес, бирок туруктуу. Эмне үчүн биз каалагандай көп эмес? Менимче, эки өлкөнүн ортосундагы аралыкта маселе бар. Эгерде сиз Швейцариядан Кыргызстанга же бир өлкөдөн экинчисине бал, жер-жемиш же айыл чарба өндүрүмүн экспорттогуңуз келсе, анда өндүрүмүңүздүн кошмо наркы жогору болушу керек, анткени аны ташуу товардын наркын жогорулатып жиберет. Мисалы, Швейцария фармацевтикалык материалдарды, маселен дарыларды көп экспорттогону жатат жана ал биздин экспорттун негизги беренеси болот. Бул кошмо наркты көбөйтөт, ошондуктан биз муну кыла алабыз. Мисалы, швейцариялык сырдын чакан өндүрүүчүсү чыгымы көп болгондуктан муну кыла албайт, бул ошол сырды бул жакта сатууда кирешесиз кылат. Андай кымбат сырды мен деле албайт болчумун. Биз жүк ташууга байланышкан логистикалык маселелер үчүн азырынча чечим таба элекпиз.
Кыргызстандын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан бир катар швейцариялык компаниялар бар. Албетте, аларга Швейцария элчилиги колдон келишинче жардам берет. Биз жеке менчик компания эмеспиз, бирок аларга жардам берсек кубанычта болобуз. Бул көрсөткүч (товар алмашуунун деңгээли) дагы эле биз каалагандай көп эмес, бирок биз анын үстүнөн иштеп жатабыз, бул элчиликтин ишинин бир бөлүгү деп ойлойм.
- Кыргызстандын жаратылышы Швейцарияга окшош, биз ал тургай Кыргызстанды экинчи Швейцария деп да айтып жүрөбүз. Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү тууралуу эмне айта аласыз жана экинчи Швейцария болушубуз үчүн биз эмне кылышыбыз керек?
- Бул абдан кызыктуу суроо. Кеп Кыргызстан менен Швейцариянын окшоштуктары жана айырмачылыктары тууралуу болуп жатат. Силердин тоолор биздикинен болжол менен эки эсе бийик. Бул чын эле өзүнө тартып турган нерсе. Силерде Хан-Теңири, Ленин чокусу сыяктуу жана башка өтө бийик тоолор бар. Швейцарияда адамдар 4000 метрден ашканда эле тоону бийик деп эсептей башташат жана ошол тоолорго чыгып рекорддорду коюшат. Ал эми Кыргызстан үчүн 4000 метр анча деле бийик эмес. Андыктан бул чын эле туристтерди өзүнө тартат. Кыргызстан тоо туризми, маданий ар түрдүүлүк жаатында сунуш кыла турган нерселери көп деп эч кандай тамашасы жок эле айта алам. Бир облустагы адамдар ар башкача айырмаланып турат. Булар туристтер үчүн чын эле кызыктуу болушу мүмкүн. Менимче, мүмкүнчүлүк бар.
Бирок, 1960-жылдары Швейцария кетирген каталарды кайталабаш керек. Биз туризмди өтө тез өнүктүрүп жиберип, айрым жерлерде жаратылышка оңолгус зыян тийгизип алганбыз. Жаратылыш азыр да Швейцариянын эң негизги көзгө урунарлык нерсеси, ага аралашып эле тим болбостон, сактап да калгың келет. Кыргызстан биз кетирген каталардан сабак алууга мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм.
Биз туризмге кызыкчылыгы болгон тараптардын баарынын иш-аракетин бириктиришибиз керек. Кеп жалаң эле көбүрөөк мейманкана салып, көбүрөөк авиарейс жүргүзүүдө эмес, туризмдин бүт экосистемасы иштеши керек. Айталык, турист «Манас» аба майданына келип конду дейли, ал аба майданы өтө ыңгайлуу экен деген ойдо калышы керек. Бул анын Кыргызстандан алган биринчи таасири болот. Ал коомдук транспортту таап алышы керек, бара турган жердеги жолдор жакшы абалда болууга тийиш. Мунун баарынын үстүнөн иш жүрүп жатат, бирок менимче азырынча натыйжа ала элекпиз.
Туристтердин коопсуздугу өтө маанилүү. Алардын бири – жол коопсуздугу. Кылмыштуулук бул жакта анча деле чоң маселе эмес. Мен башка өлкөлөрдө да болгом жана Кыргызстанда өзүмдү толук коопсуз сезем деп айта алам. Бирок жол коопсуздугу - чындап эле ойлоно турган маселе. Дагы бир чоң маселе – тоолордогу куткаруу операциялары, анткени эгер туристтер лыжа тээп же парапланда учуп жүрүп жаракат алса жана тез куткарылбаса, Кыргызстандын кадыр-баркына зыяны тийет. Мен бул туура же туура эмес деген жокмун, бирок туризм рыногунун шарты ошондой.
Кыргызстандын бул багытта башка өлкөлөр менен атаандаштыгы да бар. Борбор Азия аймагын эле эмес, кененирээк алалы. Маселен, Непал менен салыштырып көрөлү. Эгерде сиз Швейцариядан, Франциядан же АКШдан келип бийик тоо издеп жүргөн болсоңуз, Кыргызстанга же Непалга бара аласыз. Болгон атаандаштык ушул. Ошондуктан туризм тармагынын бардык катышуучулары чогуу иштеши зарыл. Кеп тоолордо эле эмес, айланадагы нерселердин баарында. Кыргызстанда меймандостук маданияты бар, мен аймактарга барган сайын андан ырахат алам. Андыктан муну мындан да өнүктүрүшүбүз керек. Туризм — акча табуунун эле жолу эмес, кыргыз маданиятын алдыга чыгаруунун да жолу, жергиликтүү элдин меймандостугу болсо анын бир бөлүгү.
Кыргызстандын дагы бир элементи жана чоң артыкчылыгы – аймактагы башка өлкөлөр менен айкалышуу мүмкүнчүлүгү. Адамдар Өзбекстанга тоодон ырахат алып, ат минип, жапайы жаратылышта убакыт өткөрүш үчүн барып отурбайт, мен бул үчүн Кыргызстанга эле келмекмин. Өзбекстанга Самарканд, Бухара жана башка тарыхый жерлерди көрүш үчүн барышат. Мен бир жылда эки өлкөнү тең көргүсү келген көп адамдарды билем. Бул жерде Хива менен Каспий деңизинен тартып Каракол шаарына чейинки тажрыйбанын баарын (эки өлкөдө тең) сунуш кылуу - кыргыз туризм тармагы изилдеп көрө турган нерсе. Тоолор, түрдүү жер-жемиштер, меймандостук, чек аранын эки жагындагы тарых менимче өлкөгө абдан чоң пайда келтирмек.
- Сиз Кыргызстанда көп жылдан бери жашап жатасыз, балким биздин айрым салттарыбызды билсеңиз керек. Сизди кайсы салттарыбыз таң калтырды? Кыргыздар менен швейцариялыктардын ортосунда кандайдыр айырманы байкадыңызбы?
- Мени бардык деңгээлде бирдей ойлонгонубуз таң калтырды. Швейцарияда Альпы бар, силер аны бул жакта жайлоо дейсиңер. Бул дагы деле биздин салтыбызда бар, көп кишилер биздин уйларыбыз кышында өрөөндө кыштап, жазында Альпыга чыгат деп ойлошот. Ал жакта мурда эл сыр өндүрчү. Кыргызстанга салыштырмалуу азыр Швейцарияда муну менен алектенген адамдар алда канча аз. Ал эми Кыргызстанда жайында жайлоого эл алда канча көп чыгат. Мунун баары биздин маданиятыбыздын бир бөлүгү жана белгилүү бир натыйжасы бар – биздин элдерибиз бирдей ойлонот. Биз жакшы ишти жакшы көргөн элбиз, кол менен иштегенди жакшы көрөбүз, кээде оңойго турбаган чечимдерди кабыл алышыбыз керек болот. Мен бул жакка жаңы келген учурга салыштырмалуу азыр кыргыз элин жакшыраак түшүнүп калдым. Албетте, бул мен үчүн жагымдуу ачылыш болду.
Тааныштар бул жакта ардактуу конокко койдун башы тартылышы мүмкүн экенин айтып беришти, мага бул жакты. Койдун көзү кулагынан сыйлуу экен. Биринчиден, мага бул жакты, анткени бул сый, экинчиден чын эле даамдуу. Жөнөкөй эле нерселер менен алек болбой, өлкөнүн маданиятын ар кайсы өңүтүнөн изилдей жүргөн жакшы. Мисалы, Арстанбапта, Бишкекте табылбаган буюмдар менен тамак-ашты көрдүм. Нарында Нарын бешбармагы деген эмне экенин баары билет. Жылкынын ич этинен жасалган тамактар мени таң калтырды, ага чейин эч качан жеп көргөн эмесмин, бирок баары абдан даамдуу болуп чыкты. Биздин элдерибиз жан дүйнөсү жагынан жакын болуп чыкканы таң калтырды. Арабызда 6 миң чакырым аралык бар, ошентсе деле биз тоолук элдербиз, Кыргызстан менен Швейцарияда баары тоодо жашай бербесе да баары бир бул биздин каныбызда бар.
- Эгерде элчи болбосоңуз кайсы кесипти тандайт элеңиз? Дипломатия чөйрөсүндө иштегиси келген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Мен бул суроого кандай жооп береримди билбейм, анткени анда ким болот элем деп элестете да албайм. Бирок университетте окуп жүргөн кезде тарых менен көбүрөөк алектенип, тарых мугалими болуп же изилдөөчүлүк, академиялык чөйрөдө иштегим келчү. Андан бери көп нерсе өзгөрдү, менин кыялым да бир нече жолу алмашты. Жаш дипломаттарга кеңешим – элчи болгуңар келсе мен баскан жолду баспагыла. Анткени, менин карьерам бир аз кызык. Мен башка иштер менен алек болуп, гуманитардык уюмда иштеп жүрдүм. Жалпысынан өз карьерамда мен Тышкы иштер министрлигине кыйла кеч келдим. Баары ийгиликтүү болгонуна кубанычтамын. Бирок Швейцарияда жаштарга кеңеш берген сайын «Эгерде дипломатия тармагында иштегиңер келсе кесиптик даярдыктан өткүлө, тажрыйба топтогула. Адегенде чет өлкөдө бир нече жыл окуп же иштеп көргүлө, андан кийин колуңардан келсе эле Тышкы иштер министрлигине ишке киришкиле» деп айтам. Мен так ошону кылган жокмун да. Менин кесиптик даярдыгым деле бар болчу, бирок мен ТИМге кеч келдим.
Дагы бир айта турган кеңешим — баары эле баргысы келе бербеген жерге барууга даяр болуу. Буга чейин Ооганстанда согуш күчөп турган кезинде иштегем. Көбү ал жакка баргысы келген эмес. Бирок ошол кызматта мен өмүрүмдүн эң мыкты эки жылын өткөрдүм. Ал жакта мыкты команда бар эле. Абдан кызыктуу болчу. Биз ооган элинин турмушун жакшы жагына өзгөртүп жүрдүк, мен ал жакка барганыма эч өкүнбөйм. Бул абдан адаттан тыш кызыктуу убак болчу. Тескерисинче, бул менин тажрыйбамды байытты. Көп досторду күтүп, бул менин жан дүйнөмдү кеңейтти десем болот.
Нуржан Касмалиева, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий