Он бир айда Кыргызстандын ИДПсы 513 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продукту (ИДП) 2019-жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 4,9 пайызга көбөйүп, 513 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин билдиришти.

Статистика комитетинен билдиришкендей, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-ноябрына караганда 3,5 пайызга көп болуп, 459 млрд сомду түзгөн.

ИДПнын өсүшү, негизинен, өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнүн эсебинен болгон.

Пикир

Оставить комментарий