• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

2024-жылы Талас облусуна дем берүүчү гранттын эсебинен 86,8 млн сом бөлүнөт

Экономика 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. 2024-жылга Талас облусунда дем берүүчү гранттардын эсебинен 30 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үчүн бюджеттен 86,8 млн сом суммасында каражат бөлүнөт. Анын ичинен:

  • Талас району — 7 объектиге 20,1 млн сом;
  • Манас району — 5 объектиге 14,0 млн сом;
  • Айтматов району — 4 объектиге 11,1 млн сом;
  • Бакай-Ата району — 5 объектиге 16,3 млн сом;
  • Талас шаары — 9 объектиге 25,3 млн сом;

Жалпы:

- 15 мектепке – 40,9 млн сом;
- 1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине — 5,0 млн сом;
- 5 маданий маанидеги объектиге – 15,8 млн сом;
- 4 бала бакчага – 11,9 млн сом каралууда;
- 5 спорттук курулуштар — 13,2 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий