Онлайн университети: Бүгүн "Зомбулукка жол бербейли!" аталышындагы коомдук талкуу өтөт

Коом 0

Бишкек, 13.06.20. /Кабар/. Онлайн университети платформасынын балдар жана ата-эне лабораториясы бүгүн, 13-июнда саат 15:00дө "Зомбулукка жол бербейли!" деген аталышта коомдук ачык талкуу өткөрөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

"Социалдык тармактарга зомбулукка кабылган эненин окуясы сөзсүз соттук адилеттик менен чечилип, көпчүлүккө унутулгус чоң сабак катары таасирин тийгизет деп бекем ишенебиз. Эч ким эч качан эч бир адамга зомбулук көрсөтүп кол көтөрүүгө акысы жок! Буга бир да аң-сезимдүү коом жол бербейт! Аялдар билимдүү болгондо гана өз укуктарын билип, зомбулукка каршылык көрсөтө алышат. Онлайн университети бардык аялдардын жарандык билимин өстүрүү үчүн бир катар иштерди алып барат", - дейт Турдубаева.

Онлайн университетинин башкы максаттарынын бири – жарандык билим берүү жана коомдук талкуулар аркылуу үй-бүлө ичиндеги жана жалпы коомдогу зомбулуктун бардык түрүнө каршы туруу жана күрөшүү. Бул максатта Онлайн университети платформасы балдар жана ата-эне лабораториясын түзгөн. Учурда бул лаборатория үй-бүлө, балдар жана аялдар маселесин колго алып, бир катар вебинарларды, талкууларды уюштуруп келет.

Zoom программасы:

Конференциянын идентификатору: 912 4811 2318

Пароль: 804313

Пикир

Оставить комментарий