• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ооган учактары Өзбекстанда техникалык тейлөөдөн өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Өзбекстандын Uzbekistan Airways Technics авиаишканасы ооган учактарын техникалык тейлөөдөн өткөрүп, оңдоп берет.

Мындай макулдашуу Ооганстандын транспорт министри Мохаммад Хамид Тахмаси менен Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосундагы жолугушуу маалында жетишилгенин өзбек маалымат каражаттары жазышты.

«Өзбек тарап ошондой эле Ооганстанга авиация тармагы боюнча жогорку квалификациядагы адистерди даярдоого жардам берет», – деп билдиришти Өзбекстандын Тышкы соода министрлигинен.

Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын алдындагы Uzbekistan Airways Technics ишканасы учактарды тейлөө жана оңдоо тармагында 90 жылдан бери иштеп келет. Бул аралыкта анда 80 миңден ашык учак капиталдык оңдоодон өткөн.

Бүгүнкү күндө ишкана ата мекендик жана чет өлкөлүк авиакомпаниялардын учактарын тейлөө, оңдоо боюнча бардык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү техникалык базага жана жогорку квалификациядагы адистерге ээ. Анда жыл сайын чет өлкөлүк, көбүнчө Орусия менен Казакстандын авиакомпанияларынын 10дон кем эмес учагы техникалык тейлөөдөн өтүп турат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий