• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышына арналган митинг-реквием өттү

Коом 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда Ата-Түрк паркындагы Афган жоокерлеринин эстелигинин алдында Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 33 жылдыгына арналган митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Россиянын коргоо маселелери боюнча атташеси Игорь Довбня, Казакстандын аскер атташеси Ербол Макишев, мэриянын өкүлдөрү, афган жоокерлери, Бишкек шаарынын орто мектептеринин окуучулары жана Бишкек гарнизонунун өздүк курамы катышты.

Митингдин катышуучулары курман болгондордун элесин бир мүнөттүк тунжуроо менен эскерип, үч жолу куралдардан залп атылды.

Ошол эле күнү, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында РФ Коргоо министрлигинин Борбордук аскер округунун ыр жана бий ансамблинин концерти өттү, анын жүрүшүндө КР коргоо министринин афган жоокерлерин сыйлоо жөнүндө буйругу окулду.

Маалымдама: Афган согушунун горнилосу аркылуу 7 141 кыргызстандык өтүп, 300гө жакын адам көз жумган, 1 500 адам ар кандай жаракат алган, 4 адам дайынсыз жоголгон.

Эки кыргызстандыкка - Юрий Исламовго жана Сергей Гущинге Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий