• 87
  • 90.41
  • 0.84

Органдарды трансплантациялоо маселеси боюнча жумушчу топ Улуттук хирургия борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин Кыргызстанда адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча жасалып жаткан иштердин абалын текшерүү боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү, депутаттар Улукбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Гуля Кожокулова Бишкек шаарында жайгашкан М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барышты.

Парламенттен билдиришкендей, депутаттар Улуттук хирургия борборунда ачылган Боор хирургия бөлүмүнүн абалы, анда түзүлгөн шарттар жана боор операциясына даярдык көрүү үчүн оңдолуп жаткан имараттарды көрүп чыгышты.

Маалыматка ылайык, эл өкүлдөрүнө борбордун директорунун орун басары Таалай Акматов, Боор хирургия бөлүмүнүн башчысы Эрнис Тиленов маалымат беришти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо боюнча даярдыктардын алкагында Улуттук хирургия борборунда ушул жылдын май айында өзүнчө бөлүм уюшулган. Бирок операция жасалуучу бөлмө даяр болбой, тиешелүү медициналык жабдыктарды алуу кечиккендиктен жумуштар башталбай турат.

Депутат Улугбек Ормонов бейтапкана адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо процессине өз убагында даяр болбой калган себептерин тактады.
“Бул маселе Кыргызстандын президентинин Түркиядан келген дарыгерлердин катышуусундагы жолугушуусунда айтылып, каражат маселеси толук чечилген болчу. Быйыл июнь айында боорду алмаштыруу операциясы ушул жерде башталышы айтылган. Бирок, оңдоо жумуштары эми гана башталыптыр”,- деди эл өкүлү.

Таалай Акматов тендердин жана медициналык жабдыктарды алып келүүчү компанияны табуунун узактыгынан жумуштар кечигип жатканын билдирди. Анын айтымында 2024-жылдын 25-декабрында оңдоо жумуштары аяктап, бейтапкананын бөлүмү толугу менен даяр болот.

Депутат Гуля Кожокулова мамлекетте ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордо тендер жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун иш аракеттери тоскоолдук жаратпашы керектигин белгиледи. Муну менен катар жумушчу топтун мүчөлөрү ооруканадагы дарыгерлердин эмгек маяналарынын жетиштүүлүгүнө көңүл бурушту.

Пикир

Оставить комментарий