• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тышкы иштер министрлигине 80 жыл! КМШ башкы катчысы куттуктоо жолдоду

Коом 0

Бишкек, 17.03.24. /Кабар/. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башкы катчысы Башкы катчысы Сергей Лебедев Кыргызстандынн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге өлкөнүн тышкы саясат ведомствосунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата куттуктоо катын жолдоду.

«КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына карата сизди жана сиздердин ведомствонун бардык кызматкерлерин чын жүрөктөн куттуктайм!

Тышкы иштер министрлиги Кыргыз мамлекетинин калыптанышында баа жеткис роль ойногон жана көз карандысыз Кыргызстандын тарыхынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Министрликтин көп жылдык ишмердүүлүгүндө дипломаттар улуттук кызыкчылыктарды коргоп, республиканын позициясын эл аралык деңгээлде бекемдеп, жогорку кесипкөйлүгүн жана өз мекенине берилген кызматын көрсөтүштү.

Алардын сиңирген эмгегинин аркасында Кыргызстан дүйнөлүк аренада көрүнүктүү натыйжаларга жетишип, салттуу байланыштарын сактап калды жана бекемдеди, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн жана шериктештердин чөйрөсүн кеңейтип, интеграциялык долбоорлордун демилгелүү катышуучусу болууга жетишти.

Бул мааракеде Сизге жана КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлерине бакубатчылык, тынчтык жана ынтымак каалайм. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мейкиндигинде өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү ишинде салттуу колдоого ишенем»,- деп айтылат Сергей Лебедевдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий