• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19: Орто курактагы 182 адам бар — Кыргызстанда ооруга чалдыккандардын жаш курагы

COVID - 19 0


Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда лабораториялык жактан тастыкталган COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургундардын саны 466 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 251 - аял, 215 - эркектер.

Жаш курактары;

-15 жашка чейин - 41, алардын ичинен үчөө бир жашка чейинки наристе,

-16 жаштан 19 жашка чейин - 13 адам,

-20 жаштан 35 жашка чейин - 112 адам,

-35 жаштан 55 жашка чейин - 182 адам,

- 55 жаштан улуулар - 118ди түзөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 16-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 466га жетти, алардын 104ү медицина кызматкерлери. Ал эми 91 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий