• 87
  • 90.41
  • 0.84

Орто-Сай базарында аймакты көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Бишкекте Орто-Сай базарында аймакты көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштери уланууда.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, учурда “Бишкекасфальтсервис” ишканасы базардын бир нече өтмөгүн реконструкциялоодо. Анын биринчи этабы Жукеев-Пудовкин көчөсү тараптан базардын негизги өтмөгүнөн башталып Сүйөркулов көчөсүнө чейин улантылат. Асфальттоо иштери бүгүнкү күндө 50%га бүткөрүлдү.

Муниципалдык инспекция бир айдан ашык убакыттан бери мыйзамсыз сооданы токтотуп келет. Бошотулган аймактар күнү-түнү көзөмөл аркылуу иретке келтирилип, тазаланган. Мыйзамдарды аткаруудан баш тарткан адамдарга Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, протоколдор түзүлүүдө. Имараттардын фасаддары иретке келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан 108 мыйзамсыз курулган объект жоюлду, 7 протокол түзүлүп, 31 объект демонтаждалды, 42 баннер жана 8 капиталдык курулуш алынды.

Мэрдин орун басары Рамиз Алиев "Орто-Сай" базарынын ээлерине өрт коопсуздугу жана техникалык стандарттарга ылайык келтирүү талаптарын койду. Ошондой эле өзгөчө көңүл санитардык нормаларга бурулду, анткени тамак-аштар көчөлөрдө, ачык асман алдында даярдалгандыктан, шаар тургундарынын ден соолугуна коркунуч туудурууда. Бул маселе эми мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көзөмөлүндө болот.

Мындан сырткары, Безымянная көчөсү тараптан көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу пландалууда. Бул жай төрт кабаттуу болуп, 265 унаага ылайыкташтырылат. Жогорку кабатта футбол жана баскетбол аянтчалары курулат.

Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жана балдар үчүн балдар аянтчасын куруу да каралган.

Ошондой эле мыйзамсыз соода кылган сатуучулар үчүн күркө ачылып, ал жерден муниципалдык кызматтардагы жумуш орундары, иш шарттары жана эмгек акы боюнча маалымат алса болот. Бул ишке орношууга жана эмгек рыногуна интеграцияланууга жардам берет.

Мэрия кийинки этапта Аламүдүн базарын иретке келтирүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий