• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Азия өнүктүрүү банкы Бишкектеги унаа тыгыны маселесин изилдөөгө жардам берет

Коом 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Бишкек шаарындагы унаа тыгыны маселесин изилдөөгө жардам берет. Ал үчүн борбор калаада транспорт жана инженердик коопсуздук маселесине арналган беш күндүк семинар өтүүдө.

Семинарга Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин 8 студенти катышууда.

Алар айрым көчөлөрдөгү транспорт кыймылын изилдеп, унаа тыгындар маселесин чечүүнүн практикалык жолдорун издешмекчи.

Ал эми эл аралык адистер студенттерди VISTRO программасын – транспорт кыймылынын моделин түзүүчү аппаратты – колдонууну үйрөтүшөт.

Семинарды Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ), Транспорт жана жолдор министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий