• 87
  • 90.41
  • 0.84

Россиянын МТС компаниясы Түркмөнстан базарынан кетиши мүмкүн

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Россиянын МТС уюлдук байланыш операторунун Түркмөнстан аймагында кызмат көрсөтүү лицензиясынын мөөнөтү аяктоодо. Өлкөдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча өкмөт менен компаниянын ортосундагы келишим 2012-жылы беш жылга түзүлгөн.

Жергиликтүү ММКлар лицензияны узартуу боюнча сүйлөшүүлөр майдын ортосунан бери уланып келатканын билдиришүүдө. Маалыматка караганда, 1-июлга чейин жаңы келишим түзүлбөсө, байланыш операторунун лицензиясы жараксыз болуп калат.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү өз булагы кабарлагандай, түркмөн тарап учурда МТС компаниясына карата кошумча киреше салыгын киргизүүнү көздөп, бул боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Орусиялык оператор буга чейин да Түркмөнстандын аймагында кызмат көрсөтүү келишиминин мөөнөтү аяктагандыгына байланышкан көйгөйлөргө кабылган. МТС 2011-жылы Түркмөнстандагы ишинин токтогондугунан улам келтирилген чыгымдарды 600 миллион АКШ долларына баалап, бул сумманы түркмөн өкмөтүнөн өндүрүп алуу талабы менен эл аралык сотторго кайрыла турганын билдирген. Бирок түркмөн бийлиги компенсация тууралуу талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Орусиялык оператордун Түркмөнстандагы ишмердүүлүгү 2012-жылы октябрда калыбына келтирилген. Жаңы макулдашууларга ылайык, МТС «ТүркмөнТелекомго» ар айлык таза кирешесинин 30% төлөп туруу милдеттенмесин алып, ага чейинки дооматтарынан баш тарткан.

Булагы: Centralasian

Пикир

Оставить комментарий