Ош: 13 жаштагы Акылай президент Жээнбековдун белегин алды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө карата Ош шаарынын тургуну Акылай Маратова Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун баалуу белегин алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Акылайга Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов презденттин атынан ноутбук, гүлдесте жана таттууларды тапшырып, окууларына ийгилик каалады.

Ал эми мэр өзүнүн атынан уюлдук телефон белекке берди.

Пикир

Оставить комментарий