Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя: Жаракат алган 2 адамдын абалы оор

Ден соолук 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Кечээ, 31-май күнү кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуядан кийин жаракат алган 2 адамдын абалы оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Айдаркен шаарынын Жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборуна окуянын кесепетинен жаракат алган жалпы 25 жаран келип түшкөн. Учурда жабырлануучулардын төртөө ооруканада жатат. Эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Операциядан кийинки бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан оор деп бааланууда. Эки жаран хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары орточо оор. Бардыгы тең тиешелүү дарылануу курсун алууда. Калган 21 жаран башатапкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Жабыр тарткандар бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз болушкан", - деп билдиришти министрликтен.

Министрликтен белгилешкендей, окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы нөөмөттө турушат. Баткен облустук бириктирилген ооруканасынан реаниматолог жана травматолог жөнөтүлгөн. Алар кесиптештери менен биргеликте жаракат алгандарга жардам көрсөтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий