• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Ош шаарында Кыргызстандын ишкерлер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэриясында Кыргызстандын ишкерлер күнүнө арналган сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Сыйлоо аземине мэрдин биринчи орун басары Марс Исаев катышып, жеке демилгеси менен аракеттенип, жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндө эмгектенип келе жаткан бардык ишкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле шаардын экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон ишкерлерди жана ишкана, компанияларды Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлады.

Жыл сайын 20-сентябрда Республикада ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күн КР өкмөтүнүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий