Бишкек, 01.11.19. /Кабар/. Ош шаарынын Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү күркөлөрдү алып салуу иштери уланууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган көчөдөгү мыйзамсыз курулуштарды бузуп, жөө адамдар басуучу жолдун абалын жакшыртуу тапшырмасын берген.
2020-жылы Р.Абдыкадыров көчөсүндөгү тротуарлар оңдолуп, жолдун четтери жашылдандырылат.
Калаа башчысы шаардын көркүн бузган күркөлөрдү, тротуарларды тоскон курулуштарды алып салуу иштери уланаарын билдирген.
Пикир
Оставить комментарий