Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Ош – Араван каналына эки аял чөгүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-июлда Ош облусунун Мамакеев санаториясынын аймагында Ош-Араван каналына 3 аял киши (аты жөнү такталууда) сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 13:15те төрт куткаруучу тартылган.
Куткаруучулар жеткенге чейин эки адамдын сөөгү чыгарылган. Ал эми 15 жаштагы Н.К.Н. аттуу өспүрүм куткарылды.
Пикир
Оставить комментарий