Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 108-чакырымында (Көк-Талаа айылы) “ДЭУ-Тико” менен “Хово” үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен Тико унаасынын 24 жаштагы айдоочусу унаада кыпчылып калган.
Жеринде 4 куткаруучу жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий