• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкектеги эпидкырдаал: Өткөн суткада COVID-19дун 95 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Бишкекте бир суткада COVID-19дун 95 жаңы учуру катталды, анын ичинен 86сы –лабораториялык, 9у – клинико-эпидемиялык тастыкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Борбор шаардын мамлекеттик санитардык-эпилдемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, жаңы катталгандардын ичинен 81и каттоого алынды.

Райондор боюнча алганда:

- Свердлов району — 31;

- Биринчи май району — 19;

- Ленин району — 18;

- Октябрь району — 13;

- Башка аймактан келгендер — 14.

Мындан тышкары, 95 бейтаптын 83нөн COVID–19 симптомдуу, 12си симптомсуз аныкталган. Стационраларга 20 адам жаткырылды, 75 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий