Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө бөлүгү ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, каттам калыбына келди.
Ошондой эле Тажикстан, Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жайгашкан “Кызыл-Бел” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайы менен Тажикстандын “Гулистон” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайынын аймагындагы куралдуу күчтөрүн аймактан алып чыгып кетти.
Аймакта абал турукташууда.
Пикир
Оставить комментарий