Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу каттам үчүн ачылды

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу каттам үчүн ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 20:30дар чамасында селден улам аталган жолдун 63-чакырымындагы Найман көпүрөсү урап түшүп, жол каттамы үзгүлтүккө учураган.

Буга байланыштуу кечээ түнү айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулду. Жол каттам үчүн ачык.

Пикир

Оставить комментарий