• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Байтик айылында жеңил типтеги объекттерди демонтаждоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Байтик айылынын кире беришиндеги мыйзамсыз коюлган жеңил типтеги объектилерди демонтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Буга чейин аталган айыл аймагында «Байтик айылынын кире беришинен узундугу 3300 метрди түзгөн жолду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу» долбоорун ишке ашыруу жана соода күркөлөрдү, маалыматтык-жарнамалык жеңил типтеги объекттерди жайгаштырууну тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, аталган райондун аймагына комиссиялык чыгуу уюштурулган.

Комиссиянын жүрүшүндө, убактылуу жеңил объектилердин ээлери тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталган, анын ичинде, КРнын ченемдик укуктук актыларын бузуу менен, эч кандай уруксат кагаздары жок соода күркөлөрүн орнотуу маселеси.

Жогоруда айтылган иш-чаралардын соңунда, комиссиялык топтун мүчөлөрү тарабынан объекттердин ээлерине (күркөлөр, тез тамактануу жайлар, жарнак такталары ж.б.) каралып жаткан аймакты баштапкы абалына келтирүү керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, райондук кызматтар өз ыйгарым укуктарынын чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүүгө милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий