• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачык - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 17.06.22. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандан улам саат 13:40дар чамасында Лейлек районунун Коргон айылындагы Ош – Баткен –Раззаков жолунун 320-325 чакырым аралыгына сел суулары түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

"Саат 14:50дө ыкчам топ менен кошо Жол тейлөө ишканасынан 2 хово, 2 жүктөгүч жана 1 грейдер техникасы тартылып, саат 16:00дө Ош – Баткен – Раззаков жолу бир тараптуу ачылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий