• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. Ош шаарында Ош көчөсүн кеңейтүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда аталган көчөнүн Раимбеков көчөсүнөн Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кеңейтүү жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бузуу иштерине жергиликтүү тургундар колдоо көрсөтүп, "кызыл сызыктан" чыгып кеткен имараттарды алып салууда.

Белгилей кетсек, жолдун узундугу 800 метрге жакын, туурасы 12 метрди түзүп, эки тарабына тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды орнотуу, көчөнү жарыктандыруу каралган.

Жумушту толук бүткөрүү үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий