• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

КР жарандары консулдук жыйымдардан бошотулушту

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. КР өкмөтү тарабынан 2017-жылдын 18-апрелинде КРнын жарандарын Кыргыз Республикасынын чет жакта жактагы консулдук мекемелеринен жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө консулдук катталууда консулдук жыйымдарды төлөөдөн бошотууга багытталган №219 токтому кабыл алынган. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

КРнын чет жактагы консулдук мекемелеринен жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө убактылуу же туруктуу катталууну каалаган Кыргызстандын жарандары биометрикалык маалыматтарын тапшырганда же биометрикалык маалыматтарды тапшыргандыгы тууралуу маалыматты тапшырууда консулдук жыйымдардан бошотулат.

Мындай чечим КР Өкмөтү тарабынан чет жактагы шайлоочулардын алдыдагы КР Президентинин шайлоолоруна катышуусун активдештирүү максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий