• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ӨКМ: Ошто машыгуу учурунда 18 турак үй коргоого алынды

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Өзгөн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы жана жарандык коргонуу кызматтары практикалык машыгууга катышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Чарба айылында өткөрүлду. Аталган айылда жайгашкан мазар жана 18 турак үйдү Жазы дарыясынан коргоо чаралары көрүлүп, 100 метр аралыкта суу тосмонун габион торчолоруна таш ташуу үчүн практикалык машыгуу жүрдү.

Машыгууда ӨКМден 1 бирдик эксковатор, 1 бирдик погрузчик жана 1 даана самосвал, мындан сырткары, Салам-Алик айыл өкмөтү тарабынан 1 бирдик эксковатор жана 63 жаран тартылды.

Пикир

Оставить комментарий