• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Ош мэриясы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен кызматташтыкты күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар түрдүү тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө шаар башчысы ЕККУнун Ош шаарындагы коомчулуктун санариптик өнүгүүсүнө, анын ичинде достукту бекемдөөгө жана калаада жашаган бардык улуттар өкүлдөрүнүн башын бириктирүүгө чоң салымын кошуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле, “Санарип Ош” муниципалдык ишкананын алкагында түзүлгөн санариптештирүү долбоорлорун муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө ишке ашыруу, мэриянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча демилгелерин колдоого сунуштады.

Өз кезегинде Алексей Рогов сунушталып жаткан демилгелерге кызыкдар экенин айтып, муниципалдык кызматтарды санариптештирүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Аны менен бирге Ош шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия жана Казакстанга айыл чарба продукцияларын жеткирип жаткан “Ишкерлерди колдоо” борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыкканы тууралуу айтып, санариптештирүү маселелерине багытталган долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, Ош шаарында өтө турган «Адам» балет-спектаклин, экология маселесине арналган кинофестивалын уюштуруу иш-чаралары боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун аягында, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрү үчүн экспорттук жана туристтик борборлорду ачуу боюнча долбоорлорун колдоо боюнча сунуш беришти.

Пикир

Оставить комментарий