Бишкек, 10.01.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы 2024-жылы курулушу бүткөрүлгөн жана учурда курулушу жүргүзүлүп жаткан объекттер тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, 2024-жылы курулуш иштери 2015-2016-жылдары башталып, бирок токтоп турган 720 орундуу И.Раззаков орто мектеби, Алымбек датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы 275 орундуу орто мектеби, Мээркан айылындагы Ч. Түлөбердиев атындагы 225 орундуу орто мектеби, эл аралык талапка жооп берген, заманбап күрөш залы жана А.Сүйүмбаев атындагы стадиондун отургучтарынын үстүн жабуу менен ФИФАнын талабына ылайык гибриддик футбол талаасынын курулуш иштери бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Учурда В.Терешкова атындагы мектеп-интернатынын 700 орундуу корпусунун жана 500 орундуу жатаканасынын, Жибек Жолу аймактык башкармалыгында 625 орундуу, Алмалык айылындагы 150 орундуу мектептердин курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Мээрим сейил багынын аймагына ФИФАнын талабына ылайык келген гибриддик футбол талаасын куруу иштери жүрүп жатат.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында эл аралык талапка жооп берген «Дельфин» ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу жүргүзүлүүдө.
Бюджеттен тышкаркы каражаттарды, гранттарды тартуу менен бир катар инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын айрымдарын атап өтсөк: Ош шаарынын борбордук аянтын, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында жайгашкан жайкы театрды реконструкциялоо иштери аяктап, пайдаланууга берилди.
Учурда Ак-Буура дарыясынын эки жээгин оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү, А.Навои сейил багынын бир бөлүгүнө эс алуу жайы куруу иштери жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий