Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 34 жылдыгына карата Ош шаарынын мэриясы мамлекеттик тилди даңазалаган, тарбиялык маанидеги видеороликтерге сынак жарыялайт.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынакка Ош шаарындагы мамлекеттик, жеке теле-радиокомпаниялар жана продакшн-студиялар катыша алат.
Видеороликке карата талаптар:
- Кыргыз тилинин баалуулугун жеткирүү чеберчилигине;
- Тарбиялык маанисине жана тасманын аталышына;
- Видео-тасманын тартымынын жана топтоштуруу сапатына өзгөчө көңүл бурулат.
Ролик 3 мүнөттөн ашпоо керек. Ар бир катышуучунун сынакка бир гана видеоролик тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланат.
Кошумча суроолор боюнча байланыш номери: 0558 888 929.
Пикир
Оставить комментарий