• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ош мэриясы "Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан" сынагын жарыялайт

Аймак 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы "Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан" сынагын жарыялайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, сынак Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата уюштурулууда.

Сынакка Ош шаарындагы акындар, жазуучулар, жаш таланттар жана чыгармачылык өнөрү бар бардык жарандар катыша алышат.

Сынактын шарттары:

  • мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптары же кара сөз түрүндөгү текст автордун өзүнө таандык болушу шарт. Которулган жана плагиат сөздөр кабыл алынбайт жана сынакка кароого коюлбайт;
  • Ыр түрүндө жазылган текст мамлекеттик тилди даңазалаган, позитивдүү маанайды тартуулган, патриоттук сезимди ойготкон маанини берип, 3 куплеттен ашпоого тийиш;
  • Кара сөз түрүндөгү жазылган чакырык кыска, так жана маанайды көтөргөн, патриоттук сезимди ойготкон, мамлекеттик тилди сүйүүгө чакырган мааниде болуп, 3 сүйлөмдөн ашпоосу керек;
  • Сынактын катышуучулары мурда жазылып, көмүскөдө турган же жаңы даярдаган өздөрүнүн 3төн ашпаган лозунг үчүн ылайыкташтырылган текстин сунуштай алышат.

Сынакты өткөрүүнүн мөөнөттөрү:

  • Мамлекеттик тилди даңазалаган ыр саптарын, же кара сөз түрүндө даярдалган текстти 2024-жылдын 1-сентябрына чейин mamtil.oshmeriya@gmail.ru электрондук почтасына, же 0(558)-888-929 номерине телеграмм аркылуу “Мамлекеттик тилди даңазалаган мыкты ураан” сынагына катыша тургандыгын белгилеп жөнөтүү керек.

Кошумча маалымат алуу үчүнтөмөнкү номерге кайрылыңыз: 0558 888 929.

Пикир

Оставить комментарий