• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын 54 пайызы эл каттоодон өттү

Аймак 0


Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын 54 пайызы эл каттоодон өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясында өткөн жыйында шаардык статистика бөлүмүнүн жетекчиси Бекмурат Айтиев билдирди.

Жыйында шаар мэри Эрнисбек Ормоков эл жана турак жай фондун каттоо маанилүү өнөктүк экенин баса белгилеп, аймактык башкармалыктардын башчыларына каттоочуларга көмөтөшүү жана каттоо жүргүзүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

"Жалал-Абад шаарында эл жана турак жай фондун каттоо кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата шаар аймагындагы жашоочулардын 54% катоодон өттү. Жалал-Абад шаардык статистика бөлүмүнөн билдиришкендей, 25-марттан 30-мартка чейин каттоочулар тарабынан 67 миң 407 жаран катталган. Эл жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 3-апрелинде жыйынтыкталат", - деп айтылат маалыматта.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгында Жалал-Абад шаарында 97 миң 172 адам катталган.

Белгилей кетсек, эл жана турак жай фондун каттоо 10 жылда бир ирет өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий