• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад милициясы дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад милициясы дагы бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады, деп билдиретоблустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун 67 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 22-март күнү саат 12:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы соода базарынын кире беришинде турган учурда, белгисиз азиат улутундагы жаран Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефонун “Сүйлөшүп алайын” – деп алдап алып, кайра бербей качып кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин ("Алдамчылык") негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон, ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган, Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1984-ж.т. А.И. кармалып, далил буюм катары Самсунг А20S үлгүсүндөгү кол телефон алынган.

Жабырлануучуга келтирилген чыгым толугу менен кайтарылып берилип, тергөө амалдары уланууда.

Белгилей кетсек буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан тоноо фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган болчу.

Пикир

Оставить комментарий