Ош облусунун башчысынын балаты майрамына 235 бала катышты – сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 26.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-декабрь күнү КР президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн балаты майрамы болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанатка облус аймагында аярлуу катмардын үй-бүлөлөрдүн жана окуудагы мыкты жетишкендиктерге жеткен 235 бала катышты.

Жаңы жылдык балаты майрамында балдар үчүн куурчак театры, театрлаштырылган оюн-зоок программалар уюштурулуп, аяз атага кат жазып, белек сураган балдардын кыялдары орундалды. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына Ош облусунун башчысынын атынан жылуу кийимдер белекке берилди.

Пикир

Оставить комментарий