• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ош облустар аралык ооруканасында катарактага акысыз операциялар жасалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу сапарынын алкагында 2-сентябрдан бери катаракта боюнча акысыз операциялар жүргүзүлүп жаткан Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына (ООКБО) барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул операциялар “Экспресс ден соолук: жаркын саякат” долбоорунун алкагында 2-сентябрдан 12-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Министр менен бирге ооруканага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жана башка коноктор да келишти.

Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрынан баштап кытайлык адистердин тобу өз күч-аракетин катарактадан жапа чеккен жана көрүүсү начарлаган бейтаптарга жардам берүүгө багыттоодо. Долбоордун командасы 10 күндүн ичинде үч облустан: Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген бейтаптарга катарактага бекер операция жасашат. Учурда 100гө жакын бейтапка операция жасалып, жалпысынан 300 кыргызстандыкка операция жасоо пландалууда.

Мындан тышкары, Кытай тарап оорукананын жетекчилигине наркы 7,5 млн сомдон ашык турган офтальмологиялык жабдууларды өткөрүп берүү сертификатын тапшырды.

Министр кытай тарапка Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле долбоор эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрөөрүн баса белгиледи.

"Өткөн жылы бул долбоордун аркасында 600дөн ашык кыргызстандыктар катарактага бекер операция жасатышкан. "Экспресс ден соолук" долбоору көрүү мүмкүнчүлүгүн гана калыбына келтирбестен, бейтаптарга жашоонун кубанычын жана келечекке болгон үмүтүн кайтарып берди. Бул медициналык долбоор биргелешкен аракеттер адамдардын жашоосунда олуттуу өзгөрүүлөргө алып келеринин үлгүсү жана далили болуп калды", - деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикир

Оставить комментарий