• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Ош облустук куурчак театры Самаркандда гастролдо жүрөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0


Ташкент, 23.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Учурда Надырбек Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын чыгармачылык жамааты Самаркандда гастролдоп жүрүшөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбекстан Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө театрдын чыгармачыл жамааты өзбек балдарына "Момун козу" аттуу кызыктуу спектаклин тартуулап жатат.

Гастроль 25-октябрга чейин созулат.

Эскерте кетсек, бул кызматташуу Самарканд облусунун куурчак театрынын жамаатынын Ош шаарына болгон гастролунун алкагында кол коюлган меморандумдун негизинде ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий