Ош облусу боюнча дем берүүчү гранттын эсебинен 63 долбоор каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 10.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 10 айына карата Ош облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 105,1 млн сом бөлүндү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, аталган суммага 63 долбоор каржыланды. Алар:

- 19 мектепке – 32,5 млн сом;

- 1 саламаттык сактоо мекемелерине 2 млн сом;

- 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 34,4 млн сом;

- 2 спорттук курулушка – 5,2 млн сом;

- 8 маданий маанидеги объектиге – 13,1 млн сом;

- 11 бала бакчага – 17,9 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий