• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өткөн жылы бюджетке салыктан 105,7 млрд сом түшүп, план 109,2% аткарылды

Экономика 0


Бишкек, 25.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылы мамлекеттик бюджетке 105 млрд 714 млн сом салык жана жыйымдарды чогултту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, план 109,2% аткарылган же 8 млрд 945,1 млн сомго ашыкча жыйналган.

“2020-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 26,7 млрд сомго көбөйгөн. Анын ичинен республикалык бюджетке 86 млрд 332,7 млн сом жыйналган. Жергиликтүү бюджетке 19 млрд 381,3 млн сом чогултулду. Салык кызматы салык боюнча пландык тапшырмаларды бир катар факторлордун негизинде ашыгы менен аткарды, анын ичинде салыктык башкарууну өркүндөтүү, ишкерлерге онлайн кызмат көрсөтүү. Атап айтканда, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун долбоорлору, анын ичинде электрондук эсеп-фактура, “Жыйынды пост” системасы, товарларды маркалоо жана башка долбоорлор да өзүнүн жыйынтыктарын берди”, - дейт ал.

Абдувапов кошумчалагандай, 2022-жылы Салык кызматынын алдында 155,6 млрд сом суммасында салыктарды чогултуу милдети турат.

“Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы 38 млрд 378,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогулткан. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 5 млрд 189,4 млн сомго көп чогултулду. 2022-жылы Салык кызматынын алдында 41 млрд 689,1 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планы турат”, - деди салык кызматынын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий