Бишкек, 26.05.23./Кабар/. Ош облусунда 2022-2023-окуу жылында 13 миң 894 окуучу 11-классты аяктады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал эми 9-классты 23 миң 601 окуучу бүтүрдү.
Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев Өзгөн районундагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясында акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Тургунбаев бүтүрүүчүлөрдү жана окуучуларды, мугалимдерди окуу жылын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, облус башчысы Элчибек Жантаевдин атынан "Ыраазычылык кат", "Ардак грамота" тапшырды.
Белгилей кетсек, Ош облусунда жалпы 552 билим берүү мекемеси бар. 2022-2023-окуу жылында республикалык олимпиадаларда Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа райондору алдынкы орундарга жетишти. Ал эми жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияда 20 окуучу "Алтын-тамга" артыкчылык аттестатына ээ болуп, Ош облусу облустар арасында 2-орунду ээледи.
Пикир
Оставить комментарий