• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод курулат

Аймак 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Ош облусунун аймагына 260 млн долларга жер семирткич чыгарган завод курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Кытайдын Чжэндин шаарында Ош облусуна жер семирткич чыгаруучу заводдун курулушуна жабдууларды жөнөтүү аземи өттү.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытайдын Hebei Baidujia Fertilizer Co., Ltd. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен башталган жер семирткич заводун куруу долбоору Ош облусунун айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган. Завод дыйкандарды заманбап жер семирткичтер менен камсыз кылып, түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана продукциянын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Салтанатта сөз сүйлөгөн облус башчысы Элчибек Жантаев завод өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүүдө, аймактардын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоодо жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү элемент жана инвестиция болорун белгиледи.

Белгиленгендей, курулуштун жалпы баасы 260 млн долларды түзүп, завод ишке кирсе 1 миңден 3 миңге чейин жумуш орундары түзүлөт. Айрыкча заводго жакын жайгашкан айыл аймактарда 70-80 % жумуш менен камсыздоого мүмкүнчүлук жаралат. Негизинен аммафос жер семирткичин чыгарат жана айыл чарба техникаларын даярдайт.

Пикир

Оставить комментарий