• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ош облусунда 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.06.23. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Алсак, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

Жалпы көлөмү 51 миң 893 литр мыйзамсыз күйүүчү май табылып, тартып алынды. Анын ичинен унаанын резервуарында 7 миң литр, май куюучу жайлардагы цистернада (пломбалары жулуп алынган) 32 миң 838 литр жана контролдук пломбалары жок өзүнчө цистернада 12 миң 55 литр болгон.

Учурда аталган факты боюнча андан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага берилет.

Пикир

Оставить комментарий